Алыш боюнча мелдеште Н.Кожобеков, К.Келсинбеков жана М.Кочкоров сыяктуу балбандар өлкө эсебине алтын медалдарды утуп беришти (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте өткөн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде 3 кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Мелдеште жалпысынан 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталган. Дагы 3 алтынды Түркмөнстандын балбандары өз эсептерине жаза алышты.

Кошумчалай кетсек, Гран-при Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандарынын катышуусунда өттү.

Уландар арасындагы жеңүүчүлөр:

60 кг - Ахал Айазов (Түркмөнстан)

70 кг - Мырзабек Кочкоров (Кыргыз Республикасы)

80 кг - Пиргули Гурбандурдыев (Түркмөнстан)

90 кг - Нурбек Кожобеков (Кыргыз Республикасы)

100 кг - Кадыр Келсинбеков (Кыргыз Республикасы)

+100 кг - Ражабали Орозалиев (Түркмөнстан)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurikkg88
2016-03-17 20:07:25
Азаматтар!!!
+2
a.m.akmoldoev
2016-03-17 20:15:20
Ийгилик
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан