Легендарлуу голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройфф 68 жаш курагында көз жумду

Белгилүү голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройфф 24-мартта 68 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Футбол адиси акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген эле.

Хендрик Йоханнес Кройфф легендарлуу "Аякс" футболдук клубунда тарбияланып, клубдун курамында 1964-1973-жылдар аралыгында ойногон. Андан кийин 7 жыл испаниялык "Барселона" клубунун таламын талашкан. АКШда ойноп келген соң карьерасын 1984-жылы "Фейеноорд" клубунда жыйынтыктаган. Футболчу катары 9 ирет Голландиянын чемпиону аталып, 1 ирет Испания чемпиондугун уткан. Голландия курамасы менен 1974-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Машыктыруучу катары "Аякс" футболдук клубу менен 2 ирет өлкө чемпиондугун уткан. 1988-1996-жылдар аралыгында "Барселонаны" машыктырып, 4 ирет чемпиондук наамды жеңип берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot..kg
2016-03-25 13:36:44
Каап
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан