Активисттер: "Позитивдүү иш-чаралар аркылуу жаңы конуштарда балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктардын алдын алуу мүмкүн"

26-мартта Дордой-2 жаңы конушунда “Ынтымак менен зомбулукту жеңебиз” деген аталыштагы акция орун алды. Акциянын алкагында Эне-Сай, Ак-Бата, Келечек жана Дордой-2 конуштарынын мектеп окуучуларынын арасында спорттук мелдештер уюштурулду.

Балдарды коргоо борборунан кабарлашкандай, конуштарда балдарга карата зордук-зомбулуктардын санын азайтуу, алдын алуу максатын көздөгөн акцияда волейбол, шахмат, кол күрөш, алыстыкка чуркоо боюнча мелдештер болду.

Шаар четиндеги конуштарда ички мигранттар отурукташып жатканы сыр эмес. Уюштуруучулар көпчүлүк учурда зордук-зомбулукка ички мигранттардын балдары кабыларын айтышат. “Ата-энелер жумушка кеткенде балдар кароосуз калып жатышат. Аларды туугандарга, тааныштарга табыштаганы менен, аларга жетиштүү көңүл бурулбай, тарбия иштери аксап жатат. Позитивдүү иш-чаралар аркылуу муну элге жеткирип, түрдүү татаалдыктагы зордук-зомбулуктун алдын алууну максат кылабыз”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан