Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча маалыматты угууга депутаттар журналисттерди катыштырган жок

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралууда. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев комитеттин мүчөлөрүнө маалымат бермекчи.

Бул маселени кароонун алдында аталган комитеттин мүчөлөрү жыйынды жабык эшиктин артында жүргүзүүнү сунушташты. Депутаттар бул сунушту бир добуштан колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан