Бүгүн, 29-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утуп алышты. Дүйшөмбү шаарында өткөн беттеште жалгыз голду Виталий Люкс киргизди.
Оюнга барып, күбө болуп кайткан Нурсултан Кенишбеков (учурда убактылуу Тажикстанда иштейт) оюн тууралуу, күйөрмандар тууралуу SUPER.KG порталына ой бөлүштү. Анын айтымында, футболчуларыбызды болжол менен 50дөй күйөрман колдоп отурду.
"Оюн башталгандан тарта "Кыргызстан!" деп үнүбүз бүткөнчө кыйкырып жаттык. Албетте, үнүбүздү футболчулар укту деп ойлойбуз. Себеби беттештен кийин Азамат Байматов баштаган футболчулар келип, колдоо үчүн рахмат айтышты. Стадионго көбү калпак кийип келгенин көрүп көз сүйүндү. Ошондой эле 3 желекти желбиретип отурдук",- дейт күйөрман.