Кыргыз мушкери Эркин Адылбек уулу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо утту

Кыргыз мушкери Эркин Адылбек уулу Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча мелдеште 3-орунду ээлеп, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды.

Мушкер 1-апрелде 81 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, түркмөнстандык мушкер Азиз Ачиловду утуп алды. Алгачкы раундда Ачилов упай катыштыгында жеңүүчү аталса, экинчи раундда Эркин жеңишке жетишти. Жыйынтыктоочу раундда Эркиндин аракеттери оңунан чыгып, таамай соккуларды узатты. Жыйынтыгында калыстар жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.

Кошумчалай кетсек, Эркин кыргыз мушкерлеринен алгачкы жолдомого ээ болду. Жалпысынан бул кыргыз спортчуларынын 9-жолдомосу болуп калды.

Буга чейин Олимпиадага жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
lolo.1
2016-04-01 17:37:57
Красавчик Эркин! Алга Эркин, алга Кыргызстан!!!
+4
eldar.
2016-04-01 17:49:10
Азаматсыз. Кудай буюрса 5 айдан кийин "олимпиада чемпиону" деген созду укканга Кудай насип кылсын.
+5
Komrad
2016-04-01 17:50:25
Куттуктайбыз.
+2
Ruslan_d
2016-04-01 18:44:18
Азаматсын!
+2
mamashov-emil
2016-04-01 19:06:07
kim bilet dostor myndan kiyin olimpiadaga bashka jerde joldomo dagy oinotulaby boks boiuncha?
0
realliver
2016-04-01 19:51:55
Калган 2 мушкерибиз не болду бугун? Билбейсинерби?
+2
Ertuugan
2016-04-01 19:58:05
realliver,azat kazakka jenilip kaldy, kalystardyn qeqimi menen.ermek sakenov erteng namysty korgoit.
0
Ertuugan
2016-04-01 19:54:31
Azat jenilip kaldyvkazakka, taamai sokkulardy uzatty ele, kalysrmtardyn qeqimi adamdy oilontup koidu
0
Ertuugan
2016-04-01 19:56:26
81kg salmakta aldynky 4muxker orto aziadan boldu, ozbek altyn, kazak kumux, kyrgyz jana turkmen kolo uttu
0
mamashov-emil
2016-04-01 20:10:43
Ermek sakenov polufinalfa jenilip kaldyby?
0
nuri2605
2016-04-02 06:19:26
Азаматтар, Аллахым колдосун!
0
muzykant
2016-04-03 10:54:54
азаматсын дагы дагы чон жетишкендиктер болсун
0
admin_portal
2016-04-04 18:21:16
xerik, жөнү жок башка тилдеги создөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан