Бишкекте 30 жаштагы жаранды атып кетишти, жабырлануучу ооруканага жеткирилди

Бүгүн, 5-апрелде болжол менен саат 20:00дө Бишкектин Чүй кең көчөсү менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишинде бир жаранды белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул тууралуу күч органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган көчөлөрдүн кесилишинде эки жаран жөө бара жаткан. Алардын алдына күтүүсүздөн ак түстөгү Субару Легаси унаасы келип токтоп, арткы терезеден аларга карата ок чыгарылган. Экөөнүн бирөө окуя болгон жерден качып кетсе, экинчисине 2 ок тийген. Ал ооруканага жеткирилген.

Учурда жабырлануучу 30 жаштагы Асылбек экени айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ali-han
2016-04-05 23:50:03
Бизде криминал жакшы онуккон да. Адамдарды ит аткандай эле атып кете беришет. Закон иштейбейт бизде. Баарын акча чечет. Кимдин кимдин заманы черныйлардын заманы...
+12
Dooron
2016-04-06 01:47:24
Ali-han, Башыбыз кара болуп аткандан кийин бутубузду айтпай эле коеюн
+3
Shekeev969798
2016-04-06 00:50:26
ЖОн журсо атпайт эле
+3
AiBoru
2016-04-06 01:00:59
Сакалдын баласын (ишеничтуу кишисин) атып кетишиптир деп окудум эле фейсбуктан.
0
chon-alai90
2016-04-06 01:18:20
Чёрный деп туруп азыркы бийлик кылып жатат мындай иштерди
-5
guljigitt
2016-04-06 01:20:21
Кыргызстанга барыштан коркосун колго барып эс алыштан
0
bek040295
2016-04-06 08:35:13
guljigitt,Казактар коркпой эле журушот Кыргыз еще эркек болуп туруп колго келиштен корсонор анда билбедим соз жок негизи сага окшогон мага окшогон карапайымды ат деседа атпайт коркпой келип эс алып кете бер))
+4
temirov76
2016-04-06 09:39:01
bek040295,акчан кобуроок экенин билип калса сени деле атып кетет,же мындайды жанылыкты али уга элексинби?
+1
bek040295
2016-04-06 10:31:36
temirov76 жазыштан мурда киииичине болсода ойлонгулачы бай акелер!
-1
nazgul90
2016-04-06 08:21:42
Аллахым сактасын кандай адамдар алладан коркпогон. Кыргысзтанга барыштан коркуп калдыкко . Жакшырак ишин журушсо черный салык салат кыйын болушуп толобосон олтурот же ур тепкиге алат.Не деген заман болуп бара жатат.
0
Take_men
2016-04-06 09:32:46
Кайгуулдар кайда журуптур?
+2
temirov76
2016-04-06 09:42:45
Кайгуулдар мындай кылмышты жогорку жактан буйрук болсо гана корот,болбосо кормоксон же байкабаган болуп калышат.
0
Komrad
2016-04-06 09:52:34
Кайгуулдар светофор иштебей калса качып кетишет анан, бул жерде машина токтоп ок атып атпайбы. Тообо кыласын, боевик кинолорду коруп жолдо баратып машина токтосо ар бир токтогон машинадан ок чыгыш мумкунчулугу бар да деп ойлонуп койчумун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан