Таласта жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган адам үй камагына бошотулду

Талас облустук соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган жаранды үй камагына бошотуп жибергенин жабыркаган кыздын эжеси Рахима Айкымбаева 8-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Ошондой эле ал өкмөткө өз кайрылуусун жасады.

“Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 13 жаштагы окуучу кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүп келген Эрлан Дөлөновду Талас облустук соту үй камагына бошотуп жиберди. Бул эмне деген акыйкатсыздык? Оор кылмыш жасаган адамды үй камагына чыгаруу туура эмес чечим. Биз бул боюнча Жогорку Сотко кайрылдык. Эгерде Жогорку Сот да акыйкат жыйынтык чыгарбаса, ал адамды өзүбүз жазалоого туура келет",- дейт Айкымбаева.

Аталган факт боюнча милиция кызматкерлерине арыз менен жабырланган кыздын бир туугандары 2015-жылдын 29-июлунда кайрылышкан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жаткан маалда кылмышка шектелген Эрлан күнөөсүн моюнуна алган эмес.

"Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен жабыр тарткан кыздын зордукталганы аныкталган. Психологдор "жабырланган кыз жөн жерден мындай жалаа жабуусу мүмкүн эмес" деген жыйынтык чыгарып берген. Динчил, ыймандуу адамдын образын аткарып жүргөн Эрландын бул ишке бара турганын эч ким ойлогон эмес. Бирок анын мындай ишке баргандыгын айыпталган адамдын Назира аттуу жеңеси айтып берген",- деди Айкымбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidowi
2016-04-08 13:26:51
Бул дуйнодо акча мн кутулаар.Бирок тиги дуйнодо кантеер экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан