Жаздын келиши менен түркүн түстөгү гүлдөр айланага ого бетер көрк кошот. Бул мезгилде эң эрте лилия тибиндеги түбү пияз сымал гүлдөр - байчечекей жана жоогазын гүл ачат. Кооз жоогазындар тууралуу тарых барактарында гүлдүн мекени аталган Голландияда жоогазындын 1 түбүн турмушка узап жаткан кызга сеп сыяктуу кошуп беришкени, ал эми анын 3 түбүнүн наркы 1 үйгө тете болгону айтылат.
Назарыңыздарга борбор калаадагы айтууга, сүрөттөөгө сөз жеткис ак, сары, кызыл, күлгүн түстөгү кооз гүлдөрдүн сүрөттөр топтомун тартуулайбыз.