9-апрелде Бишкекте хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу старт алды. Мелдешке Кыргыз Республикасы, Макао, Индия, Малайзия жана Катар курамалары катышууда.
Кыргыз хоккейчилери мелдештеги алгачкы беттешин Индия курамасына каршы өткөрүп, 11:1 эсебинде жеңишке жетишишти. Алгачкы мөөнөттө 5:0 эсеби катталса, экинчи мөөнөттө хоккейчилерибиз 1 шайбаны дарбазага таамай багыттап чектелишти. Ал эми жыйынтыктоочу учурда 6 шайбага жооп катары индиялыктар 1 шайба киргизишти.
Кыргыз хоккейчилерине чейин муз аянтта Малайзия курамасы менен Катар кез келип, малайзиялыктар 3:1 эсебинде жеңишке ээ болушту.