Бүгүн, 11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы кабыл алынып, өкмөт отставкага кетти деп эсептелет. Мындан тышкары премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, өкмөттүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар, ошондой эле административдик мекемелердин жетекчилери мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдетин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.