Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясынын жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги каралууда. Анын жүрүшүндө депутаттар транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаевдин өкмөттүн курамында калуусу же калбоосу тууралуу сурашты.
С.Жээнбеков мындай маселени парламенттеги көпчүлүк коалициясы чечерин айтты. "Бирок Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендерге байланыштуу чырдан улам Малабаев кызматынан кетиши керек",- деген пикирин билдирди С.Жээнбеков.