Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев Борбор Азия өлкөлөрүн ГЭСтерди курууда эл аралык тартиптерди сактоого чакырышты

Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 14-апрелдеги жолугушуусунда Борбор Азияда ГЭСтерди куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Назарбаев менен Каримов Борбор Азия өлкөлөрүн жаңы ГЭСтерди курууда эл аралык тартиптерди сактоого чакырышты. "Мамлекет башчылары Өзбекстандын тынчын алып жаткан суу маселесин талкуулашты. Алар Борбор Азиядагы суу ресурстары элдердин жалпы энчиси деп аташты. Президенттер суу ресурстарынын туура пайдаланышынан аймакта туруктуулук жана бейпилдик сакталарын айтышты. Өзбекстан менен Казакстан Борбор Азиянын бардык мамлекеттерин өз ара ишенимди бекемдөө үчүн диалогго чакырышты",- деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан