Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган жоогазынды белгисиз адамдар жулуп кетишти. Ушул тапта мэрия гүлдөрдү жулуп кеткен адамдарды издеп жатканын мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, гүлдөрдү жулуп жаткан адамдар камерага тартылып калган. "Гүлдөрдү 17-апрелден 18-апрелге караган түнү жулуп кетишиптир. Бул ишти кимдер жасашканы азырынча белгисиз, бирок баары камерага тартылган. Мэр тапшырма берди, биз азыр издеп жатабыз",- деди ал.
Жалпы 22 842 баш жоогазын отургузулуп, ага 359 305 сом сарпталган.