"Балдар жаңы толкуну-2016" ыр сынагынын финалында мамлекетибиздин намысын Вероника Инкико талашмакчы

17-18-апрель күндөрү Москва шаарында "Балдар жаңы толкуну-2016" ыр сынагынын жарым финалдык баскычы орун алды. Бул күнү калыстар тобу түрдүү мамлекеттерден келген 200дөн ашык жаш таланттардын үнүн укту. Жыйынтыгында 15 финалдык жолдомонун ээсин аныктады.

Ыр сынактын расмий сайты кабарлагандай, финалга чыккандардын арасында кыргыз жеринен барган Вероника Инкико да бар.

Финалга чыккан 15 ырчынын катарына Орусия, Армения, Беларусь, Грузия, Кыргыз Республикасы, Түштүк Корея, Латвия, Мальта, Румыния, Украина сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү бар.

Кошумчалай кетсек, "Балдар жаңы толкуну" сынагы "Жаңы толкун-2016" сынагынын алкагында өтөт. 3-9-сентябрь күндөрү Сочи шаарында өтө турган "Жаңы толкун-2016" сынагында мамлекетибиздин желеги астында Нурсултан Азыкбаев сахнага чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2016-04-20 22:07:19
Таланттуу кыз болсо барып биздин таламды талашып келсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан