18-19-апрель күндөрү Москвада "Жаңы толкун-2016" Эл аралык музыкалык фестивалынын жарым финалы өтүп, ырчы Нурсултан Азыкбаев финалга жолдомо утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына продюсер Эрнест Уметалиев билдирди.
Маалым болгондой, "Жаңы толкундун" финалы 3-9-сентябрь күндөрү Сочи шаарында өтөт. Ондогон катышуучулардын ичинен финалга жалпысынан 16 ырчы жана музыкалык топ чыкты. Алардын арасында Кристиан Касеару (Эстония), Ясения (Орусия), молдовалык музыкалык топ жана башкалар бар.
Айта кетсек, "Жаңы толкун" Эл аралык сынагы 2002-жылдан тарта өтөт. Ага кыргыз өлкөсүнүн ырчылары да катышып келишет. Мисалы, 2008-жылы ырчы Омар "Жаңы толкунга" катышып, Алла Пугачёванын колунан "Алланын алтын жылдызы" сыйлыгын алган. 2011-жылы Арсен менен Айбектин "Бишкек" дуэти 4-орунду, 2013-жылы ырчы Айбек Бакытбеков фестивалда 12-орунду ээлеген. "Жаңы толкун-2014" фестивалында "Style Mix" триосу 15-орунда жайгашкан.
"Бир өзүң", "Аттиң, ай" деген ырлардын аткаруучусу Нурсултан Азыкбаев белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаевдин уулу. Н.Азыкбаевдин репертуары менен таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.