Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган жоогазынды жаш балдар уурдаган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Укук коргоо органдарынын текшерүү иштеринин алкагында аталган аянтта велосипеддерди ижарага берген балдар күбө катары суракка алынышкан. Алардын айтымында, 10 чакты жаш бала түнкү саат 03:00 чамасында гүлдөрдү уурдашкан. Ал эми жергиликтүү тамактануучу жайдын күзөтчүсүнүн айтымы боюнча, ага цыган улутундагы кыздар келип, жоогазындарды 50 сомдон сатып алууну сунушташкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 14 жаштагы эки кыз кармалды. Учурда алар сурак беришүүдө",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жалпысынан 22 842 баш жоогазын отургузулуп, ага 359 305 сом сарпталган. 17-апрелден 18-апрелге караган түнү 1200 жоогазын уурдалган.