24-апрелде Москва шаарындагы "Открытие Арена" стадионунда легендарлуу "Спартак" футболдук клубунун оюнчуларынын кол тамга-сессиясы орун алды. Аталган клубдан кабарлашкандай, кол тамга-сессияга клубдун оюнчулары Сальватор Боккетти, Ивелин Попов жана Квинси Промес катышып, күйөрмандар менен жолугушту. Футболчулар күйөрмандардын суроолоруна жооп берип, сүрөткө түшүштү. Күйөрмандардын бири аталган оюнчуларга "Кыргызстан" деген жазуусу бар ак калпак кийгизди.
Сүрөттөр клубдун расмий сайтына жайгаштырылган.