27-апрелге караган түнү Англиянын Манчестер шаарында Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну орун алды. "Этихад" стадионундагы беттеште "Манчестер Сити" футболдук клубу "Реалды" кабыл алды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, оюн 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Оюнда гол жаратууга аз гана мүмкүнчүлүк болду. Оюн жыйынтыкталар алдында "Манчестер Ситинин" дарбазачысы Жо Харт атаандаштын оюнчулары Каземиро менен Пепенин кооптуу соккуларын катары менен тосуп алды. "Реалдын" дарбазачысы Кейлор Навас болсо Кевин де Брейне тепкен айып соккусунда мыкты болуп чыкты.
Бул оюнда мадриддиктердин курамында Криштиану Роналду оюнга чыккан жок.
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 4-майда орун алат. Беттеш Мадрид шаарында өтмөкчү.