Оор атлетика боюнча Өзбекстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз спортчусу алтын медалды багындырды

Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдеш алкагында кыргыз спортчулары алгачкы медалды камсыздаганга жетишти.

Кыргыз спортчусу Иззат Артыков 69 килограмм салмакта күч сынап, алтын медаль тагынды. Ал жулкуп көтөрүүдө 3 аракетти тең ийгиликтүү ишке ашырды. Алгач 143 килограммды, анан 147 килограммды жулкуп көтөрүп, аягында 150 килограммды көтөрдү. Кытайлык спортчу Юан Ченгфей 150 килограмм келген штанганы көтөргөнү менен, спортчулардын салмагына карай келгенде ал атаандашынан оор болуп чыкты. Жыйынтыгында "кичи алтынды" кыргыз спортчусу багындырды.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште командалык эсепте алдынкы бештикке кирген улуттук курамаларга "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nuri_kerben
2016-04-27 12:23:45
Азаматсын нукура кыргыз жигити мындан ары даа жакшы ийгиликтерге жетиш
+7
Ruslan_d
2016-04-27 12:51:44
Азаматсын!
+6
Jazi89
2016-04-27 12:58:21
Азамат онорун оркундой берсин Алла Таалам колдоп дагы ийгиликтерге жетише бер ,дагын ушундай кыргыздын палбандары кобойо берсин
+4
Birimdik5555
2016-04-27 13:12:59
Азаматсын ийгилик!
+2
admin_portal
2016-04-27 13:17:44
Birimdik5555, саламатсызбы! Ката оңдолду. Рахмат!
0
good_boy
2016-04-27 14:13:28
Ийгилик калгандарына да. Азаматсынар кыргызымдын жигиттери. Анан "кичи алтын" дегенди кандай тушунсо болот Суппер инфо
0
admin_portal
2016-04-27 14:46:22
good_boy, саламатсызбы!
"Кичи алтын" наамы тууралуу сөз болуп жатат.
0
tashi62
2016-04-27 16:54:46
Урматтуу супер инфо дагы башка спортчулар эмне болду оор атлетика боюнча???
0
admin_superstan
2016-04-27 17:40:53
tashi62, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынат. Командалык жыйынтыкты күтүңүз.
+1
eky2010
2016-04-27 21:23:05
Азаматсын калган спортчуларга да ийгилик
+1
malik.kadyr
2016-04-28 00:05:36
молодец
0
Kybylai1990
2016-04-28 13:18:27
Командалык жыйынтыкты малымдап коесуздарбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан