Чыныбай Турсунбеков спикерликке шайланды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламент төрагасы кызматына шайланды. Анын талапкерлигине 88 депутат добуш берди, анын атаандашы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев 26 добуш топтоду. Ал эми "баарына каршы" 3 депутат чыкты. 3 бюллетень жараксыз деп табылды. Жалпысынан 120 бюллетень берилген.

Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланган.

22-апрелде КСДП фракциясы Ч.Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан колдогон. Мындан тышкары анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин", "Республика - Ата Журттун" жана "Бир болдун" лидерлери айтышкан.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети кечээ парламенттин төрагасы кызматына Чыныбай Турсунбековдун, бүгүн Исхак Масалиевдин талапкерликтерин бир добуштан жактырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан