Жийдеш менен Примбердиевдин ийгиликтери тууралуу депутат: "Өкмөт ырчылардын жеңиштерин өзүнө жазып салганы - уят"

"Ырчыларыбыздын Орусияда жана Түркияда байгелүү орундарды багындырганын өкмөт 2015-жылдагы өзүнүн жетишкендиктеринин тизмесине жазып коюптур", - деди бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаты Максат Сабиров.

"Биздин өкмөттө уят болуш керек, анткени биздин ырчылар өздөрүнүн күчү менен, өкмөттүн жардамысыз ийгиликтерге жетүүдө. Өкмөт музыка тармагына көбүрөөк акча каражат бөлүшү керек", - деди депутат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы ырчы Кайрат Примбердиев Орусияда өткөн "Главная сцена" сынагынын финалына өткөн. Ал эми ырчы Жийдеш Идрисова Түркияда өткөн "Turkvizyon" Эл аралык сынагында 1-орунду алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан