Тажикстанда орусча фамилия берүү токтотулду, эми жарандар “-ов”, “-ова” мүчөсү менен аяктаган фамилия ала алышпайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, эми жаңы документ алган ар бир жарандын паспортунда “-ов”, “-ова” деген мүчө менен аяктаган фамилия болбойт. Бул тууралуу чечим “Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизилген соң кабыл алынды.
Эми тажик жарандары нукура тажикче фамилия алышат. Анда фамилиялар “-ов, -ова” деген мүчө менен эмес, “-зод”, “-зода”, “-й”, “-иён”, “-фар” деген мүчөлөр менен аяктамакчы. Мисалы, Каримов эмес, Каримзод, Каримова эмес, Каримзода.
Мурунку фамилияны сактап калууну каалагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өлкөдө фамилияларды “тажикчелештирүү” жүрүп жатканы айтылат.
Кошумчалай кетсек, Тажикстанда орусча фамилия менен “коштошууну” өлкө президенти баштаган. 2007-жылы Эмомали Шарифович Рахмонов фамилиясын өзгөртүп, Эмомали Рахмон деген фамилия алган.