Алмазбек Атамбаев: "1-Май - эмгек майрамы гана эмес, ынтымак менен достуктун символу"

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн элин 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Кымбаттуу мекендештер!

Баарыңыздарды эмгек майрамы менен куттуктайм!

"Май, тынчтык, эмгек!" деген сөздөр бири-биринен ажырагыс ыйык түшүнүк катары ар бирибиздин жүрөгүбүзгө тереӊ ширелген. Чынында эле бул күн – ар бир адамдын тынч, жаратман эмгегинин, бакубатчылыктын символу. Өлкө байлыгы ар бир адамдын адал эмгегинен келип жыйналат. Ар бирибиз өз үйүбүзгө, айылыбыз менен шаарыбызга мээнетибизди төксөк, бүт мамлекетибиздин кубаты артат, калкыбыздын кырманы кызылга, дасторкону ырыскыга толот. Ошондуктан “аракет кылсаң – берекет”, “мээнетиӊе жараша дөөлөт” деген макалдар бардык тилде бирдей мааниге ээ.

Талыкпас мээнет гана ар бир адамга ийгилик алып келерин, өлкөнүн коопсуздугу жана эркиндиги да ар бирибиздин адал эмгекке жана жоопкер мамилеге жараша бекемделерин элибиз жакшы түшүнөт.

Урматтуу мекендештер!

1-Май – жалаң гана эмгек майрамы болбостон, биримдиктин, ынтымак менен достуктун да символу. Бул күнү улутуна, курагына, социалдык тегине карабастан, элибиз көктөмгө толгон жаз күнү менен кошо шаңданып, өздөрүн бир үй-бүлөнүн, бир өлкөнүн жарандарындай сезишет.

Бул ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Ар бирибиздин жүрөгүбүз сүйгөн жумушубуз болсун, тер төккөн мээнетибиздин акыбетин көрөлү! Баарыӊыздарга бакты-таалай, ачык асман, бакубат жашоо каалаймын! Өлкөбүз менен кошо өркүндөйлү!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан