Бишкекте кокустуктан улам кайырмагын электр зымына илип алган 63 жаштагы жаран денесинен 90 пайыз күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына “Тез жардам” кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 4-майда борбор калаанын Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгине балык уулаганга барган 63 жаштагы жаран кайырмагын электр зымына илип алып, токко күйүп калган. Электр тогу кеткен зымга тийген кайырмак аркылуу ток уруп, жабырлануучунун денесинин 90 пайызы күйгөн. “Тез жардамдын” кызматкерлери окуя болгон жерге барып, алгачкы жардам көрсөтүп, жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Учурда аталган жаран жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатканы маалым болду.