Чемпиондор Лигасынын финалында "Реал" жана "Атлетико" футболдук клубдары беттешет

5-майга караган түнү мадриддик "Реал" футболдук клубу өз үйүндө англиялык "Манчестер Ситини" 1:0 эсебинде утуп алды. Алгачкы оюнда 0:0 эсеби катталганын эске алсак, бул минималдуу эсептеги жеңиш "Реалдын" финалга чыгуусун камсыздады.

"Реал" (Испания) - "Манчестер Сити" (Англия) - 1:0

Гол: Фернандо (20-мүнөттө, өз дарбазасына)

Андыктан Чемпиондор Лигасынын 2015-2016-жылкы сезонунун финалында испаниялык клубдар "Атлетико" менен "Реал" беттешет. Финалдык беттеш 28-майда Италиянын Милан шаарында "Сан-Сиро - Жузеппе Меацца" стадионунда орун алат.

"Атлетико" жарым финалда германиялык "Баварияны" утуп (биринчи оюнда 1:0 эсебинде утса, жооптук оюнда 2:1 эсебинде утулду), финалга чыккан.

Кошумчалай кетсек, "Реал" менен "Атлетико" 2014-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында кез келишкен. Анда 4:1 эсебинде "Реалдын" футболчулары жеңишке жетишкен.

Чемпиондор Лигасы. Жарым финал. "Реал" - "Манчестер Сити" 1:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
rukopashnik
2016-05-05 08:31:16
навас жакшы ойноду
+2
arawan
2016-05-05 09:09:15
к.роналду финалга чейин толук озуно келет жана жеништик голдорду киргизет го
+4
Aduk_aksuu
2016-05-05 09:18:01
Голду гарет бейл киргиздиго
+5
Prosto-Anjelina
2016-05-05 09:19:43
Реалга болгон кучум мн болеть кылып отурдум. Азаматтар ишеничти актады. Буйруса финалда корушобуз... Жениш биздики болот Кудай буйруса...
+2
Shakek
2016-05-05 10:14:51
быйыл реал чемпион буюрса
0
abusait
2016-05-05 10:27:00
Экоо иттей тытышатко эми . Мен матрасниктерге койом. Ким мени менен мелдешет?
+1
Muslim1990
2016-05-05 11:04:22
abusait,кел экообуз мен Реалга
0
guljigit96
2016-05-05 11:18:28
abusait,матрасник кайсы бири?
0
abusait
2016-05-06 18:02:14
guljigit96,Атлетико.
+1
ATLETICO
2016-05-06 18:54:44
Сансиродо реалды жудотобузго буйруса. Азыркы АТМ 2 жыл мурунку АТМ эмес. 2 жылдан бери рма нын ушун алып койду жене берип, эми Миланда оч алабыз.
+6
beku5761
2016-05-06 20:56:23
ундесиманы алышыбыз керек алга Реал!
0
Khabib
2016-05-07 04:35:59
барсанын болельщиктери тез эле жузун буруп атлетиконун бет кабын жабынган кези Реал де Мадрид чемпион
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан