Экс-спикер Асылбек Жээнбеков үчүн Ак үйдөн 3 бөлмө берилгени аныкталды

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековго Ак үйдөгү 3-кабатынан 3 бөлмө берилгени аныкталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун карамагында учурда эки бөлмө бар. "Биринде өзү отурат, экинчиси - анын кабылдамасы. Жээнбеков отурган бөлмө мурдагы эки чакан бөлмөдөн (322-323-бөлмөлөр - ред.) бириктирилип оңдолгон. Ал эми өзүнчө даараткана жана эс алуучу жайлары жок", - деди Ибраим Нуракун уулу.

Айта кетсек, "даараткана жасалат" делген 324-бөлмөдө "Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары Нурбек Кадыров" деген жазуу турат. Бирок Нурбек Кадыров 1-кабатка көчкөнү белгилүү болду.

Экс-спикер Ак үйдүн 3-кабатына көчтү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан