Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Ишти карап жаткан сот тарабынан айыпталуучуга берилген "Күнөөңдү толугу менен моюнуңа аласыңбы?" деген суроого айыпталуучу көпкө ойлонуп, ага тагылган күнөөнү мойнуна албай тургандыгын билдирди.
Ал өз сөзүндө: "Мен күйөөмдү өлтүргөн эмесин, бирок анын дене мүчөлөрүн таштандыларга алып барып таштагам", - деп жооп узатты.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 10-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.