Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши: "Агам окуяга чейин аялы менен ажырашкысы келип жатканын билдирген" дейт маркумдун бир тууганы
Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумга күбө катары маркумдун бир тууганы Шерлан Оркошев чакырылды. Ал суроолорго жооп берип жатып, каргашалуу окуяга чейин агасы айыпталуучу менен ажырашкысы келип жатканын билдиргенин айтты.
“Мен бир тууганым менен 12-августта акыркы жолу сүйлөшкөм. 13-августта апам мага телефон чалып, Эрландын телефондору өчүк болуп жатканын айтты. Ошол күнү саат 19:00 чамасында жеңем менен байланышып, агам келе электигин аныктадым. 14-август күнү кайра жеңеме телефон чалдым, агам дагы деле келбептир. Мен ага тынчсыздана баштадым. Кийин иниме чалып, агамды өзүбүз издейли деп сүйлөштүк. Биз жеңеме бардык, ал үйдүн алдынан тосуп алды. Жеңем экөөбүз агамды жумушуна кетчү жолдун баарынан карап издедик. Иним балдарды карап унаанын ичинде калган. Арадан көп өтпөй жеңем жана 2 баласы болуп биздин үйгө бардык. Ал жактан мен милиция кызматкерлерине арыз менен кайрыла турганымды айткам. 15-августта милицияга арыз жазып барганымда, алар мага таштандыдан адамдын колу менен буту табылганын айтышты. Агамдын колунун бир бармагы сынык болчу, мага көрсөтүлгөн колдун бармагы да сынык экен, бирок мен бул жөн гана дал келүү деп койдум", - деди Ш.Оркошев.
Анын айтымында, арадан көп убакыт өтпөй Ю.Фучик атындагы көчөдөн таштандыдан белгисиз адамдын башы табылган.
"Мен да ал жерге барып, пакеттин ичиндеги башты көрүп, ал агамдын башы экенин түшүндүм. Ушундан кийин мен жана башка туугандарым суракка чакырыла баштады. Агамдын бардык дене мүчөлөрү табылган жок. Анын аялы ал убакыт аралыгында биздин үйүбүздө жашап жатты. Кийин тергөөчүлөр мени чакырып, жеңемдин таксисттер менен сүйлөшкөн үнүн аныктап берүүнү суранышты. Мен барып үнүн таанып, аныктап бердим. Кийин агамдын үйү экинчи ирет тинтүүгө алынды, ошол күнү жуунуучу жайдын ичинен ваннанын астынан канга боёлгон чүпүрөк, ошол эле жерден кызыл линолеумга чапталып калган адамдын терисин таап алдым. Менин бир тууганым спорт менен машыккан адам болчу. Аны аялы аркасынан келип бычак менен сайганда ал өлүп калышы мүмкүн эмес эле, ал агам Эрлан уктап жатканда өлтүргөн деп ойлойм”, - деди маркумдун бир тууганы Ш.Оркошев.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.