2-июнда футбол боюнча улуттук курама командабыз Ливан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Тилекке каршы, бул беттеш болбой турган болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттештен Ливан тарап баш тарткан. Себебин алар "Ливандагы саясий туруксуздукка байланыштуу" деп түшүндүрүшкөн.
Беттеш Эл аралык футбол федерациясынын расмий жолдоштук беттештеринин катарынан чыгарылды.
Кошумчалай кетсек, 10-майда Ливанда президенттик шайлоо өтмөк. Бирок парламенттин жыйынына депутаттар жетиштүү санда келбегендиктен, шайлоо 2-июнга жылдырылган.