Инстаграм социалдык тармагы негизделгенден бери алгачкы жолу өзүнүн логотибин жана дизайнын өзгөрттү. Бул тууралуу маалымат аталган сайттын расмий баракчасында жазылды.
Бардык тиркемелер жаӊы жалпак логотиптерге ээ болуп, ал эми Инстаграм өзү ак-кара түскө өзгөрдү. Сервистин дизайны да ак-кара түскө алмашып, келген билдирүү, эскертүүлөр кызыл түскө өзгөргөн. Бир караганда жаштардын арасында өтө популярдуу социалдык тармактын логотиби күн желесиндей кубулуп тургандай таасир калтырат. Инстаграмдын жаратуучуларынын айтымында, логотип баарына белгилүү бойдон калышы керек болгондуктан, instant-камеранын оригиналдуу бөлүктөрү мурункудай эле калтырылган. Ошондой эле Инстаграмдын Layout, Boomerang жана Hyperlapse тиркемесинин логотиптери да өзгөргөнүн байкоого болот.