Бүгүн, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өтүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы "өлкөдө төңкөрүштү пландаган" делген адамдарды катуу сынга алды.
"Жакында "Элдик парламенттин" сүйлөшүүлөрүн уксаңыздар керек. Алар "17-майда бийлик алмашат, куралыбыз келди, жүздөгөн жоокерлерибиз даяр" деп мактанышууда. Алардын аркасында чет өлкөлүк генералдар болсо, менин аркамда кыргыз элим бар", - деди президент.
"12-майда алар форум өткөргөндө кимдер гана келген жок: Талгарбеков баштаган акаевчилер, Калматов жетектеген бакиевчилер, ИГИЛдин тарапташы Нурлан Мотуев жана чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова. Алардын максаты бир - өлкөдө ар кандай шылтоо менен төңкөрүш жасоо. Алар жакшылыкты түшүнбөйт экен. Аяган сайын күчөп баратышат. Мен муну токтотом", - деди Атамбаев.