"Элдик парламенттин" лидерлери 2 айга камакка алынышты

"Бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" деп айыпталган оппозициялык "Элдик парламент" биримдигинин лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов 2 айга камакка алынышты. Бул ишти караган Биринчи Май райондук соту мындай чечимди кечээ чыгарган. Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрү өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландагандары аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
abusait
2016-05-15 16:09:22
Бул бийлик да кырын корсото баштады . Бирок аталган оппозицияны да колдобойм.
-1
uluukyrgyz
2016-05-15 17:41:27
Бийлик акылын жоготту сокур сымал Ал эми оппозиция да кыйратып оркундотуп жиберчуу адамдар эмес бугунку улуу муун жок болуп . жаш муун келиш керек анда да таза кыргыз чыныгы эр болуш керек
+2
kyalbek
2016-05-15 18:02:22
Элге тынчтык керек,эки адам чогултуп алып эле тонкоруш кылабыз дейберсе жан калабы.Туптуура Акаев менен Бакиевтин куйруктарын кыркыш керек
+1
barpy
2016-05-15 18:05:06
Бизде реалдуу оппозиция озу жок, болгон болсо бийлик заказ кылып жоюп жатат. Ошту гулдоткон Мырзакматов Кыргызстанды да гулдото алмак, эл учун ошончо эмгек кылса да бийлик кысым корсотуп журуп акыры мэрликтен алып тынды. Мырзакматовдун табышмактуу турдо Кыргызстандан чыгып кетип тышта журушуно "каралардын" колу менен жетишкен бийликтин "салымы" деп божомолдойм.
+4
Aidai5555
2016-05-15 18:10:32
Элди бетине кармап, калп эле "эл" демиш болгондор тойгузду, элди ким деп ойлойт булар? Элдин тынчтыгын бузууга аракет кылгандарды чагымчылар дечү беле... Андыктан убагында чара көрүшкөнү жакшы болуптур.
-1
stimyl.kg
2016-05-15 18:22:48
Бул элдик парламент деп чыга калган артистер атамбаевдин ойлонулуп жазылган сценарийи бойунча спектаклинин аткаруучулары. Кайдан жайдан чыга калып атамбаевге асылып киришти анан бийлик буларга такыр реаксия кылган жок,анткени бул элдик парламент деген артистердин суйлогон аткарган спектакли эл арасына абдан тарасын деп ун катышкан жок. Баары даяр болгондо аларды УКМК аркылуу убактылуу турмого жапты. Атамбаев бир ден бир качандан бери башмыйзамга озгортуу киргизуу учун кызыгып ун катып келет,ушу
+3
zamandash
2016-05-15 21:45:53
мамлекетке стабилдуулук керек!кудай сактасын тонкоруштон!эч кандай кепилдик жок булар кыргызстанды гулдотушуно.биз тынчылык учун!
+3
nargis
2016-05-15 22:24:19
Баары эл эл деп эле оз кызыкчылыгын ойлошот,эл бечаара алданып кала берет кантсе да тушунгудой болдук элим ,митингке чыкпай тиричилигибизди кыла берейли.
+6
kyrgyzkywtak.uli
2016-05-16 00:05:57
Койчу кооп болсо мал арам олот деген соз бар ошондуктан элиме тынчтык тилейм,кудайым берген куну онолоорбуз
0
ruslanz
2016-05-16 08:16:01
Мырзакматов б-ча жакшы иштерди кылса кылгандыр бирок жаман иштери да толтура да, ошол учун качып журот да. Таза болсо эмнеге качмак эле. Бакиевдердин учурунда таза кишинин чон кызматга келиши мумкун эмес болчу. Каралардын башында оздору эмес беле.
+1
Kybylai1990
2016-05-16 08:29:28
ruslanz cдпкдан окшойсуз анткени Бакиевдин тушунда премер-министр АША спикер ӨЧТ болчу кичине чындыкты айтууну да үйрөнсөк. Бийлик эптеп өз мураскорун калтыруунун аракетинде президентти эл эмес парламент шайласын деп аракет жасоодо.
0
ruslanz
2016-05-16 09:13:56
Жок мен сиз айткан АШАны да ОЧТны да кумир кылбайм, себеби кийин булардын жаман иштери чыгып калышы мумкун, кызматтан кет. кийин. Менин айтайын дегеним биз саясатчылардын куралы болбошубуз керек. Аларга ошол эле керек. Эн башкысы тынчтык. Чет олколорду коруп жат-бы.
0
ruslanz
2016-05-16 09:30:29
кошумча. мураскер б-ча. ким болбосун эл учун иштесе болду да. Елцин Путинди ордуна калтырып кетти, жаман болдубу? Деги эле баштаган ишти улантып кетуучу адамды ордуна калтыруу бул нормалдуу эле корунуш. Ата деле балам жакшы болсо экендейт да. Жаны жетекчи келип, бул туура эмес экен , муну мындай кылам деп, кайра эле башына тушо бериш керекби? Кандай мурасекор, кеп ошондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан