Кыргыз мамлекетинде орточо айлыктын суммасы учурда 13 544 сом. Каржы министрлигинин билдиришинче, орточо айлык акынын өсүшү 2016-жылдын январь-март айларында 11,9 пайызды түздү. Ал эми республикадагы расмий катталган жумушсуздардын саны 2016-жылдын апрель айынын аягында 58,8 миң адамды түзүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга көбөйдү.
Маалыматка таянсак, тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январь-мартында 1 миллиард 21 миллион долларды түзүп, 2015-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 21,6 пайызга азайды. Мунун 287,1 миллион долларын экспорт (25,8 пайызга төмөндөгөн), 733,9 миллион долларын импорт (19,8 пайызга төмөндөгөн) түздү.