Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган өкмөттүк аппараттын мурунку кызматкери Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Биринчи Май райондук соту кабыл алганын бүгүн, 18-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку башчысы Алтынбек Муралиев 2014-жылдын 1-ноябрында “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Айта кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.