1-ноябрь күнү Бишкекте “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде М.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.
Айрым массалык маалымат каражаттары кармалган жаран КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев экендигин жазышты.
Айта кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.