Нурзат Токтосунова: “Той өткөрүүдө "Эл эмне дейт?" деген түшүнүктөн арылуу керек"

Той өткөрүүдө "Эл эмне дейт?" деген түшүнүктөн арылуу керек. Мындай пикирди 19-майда "Парламент" радиосунун түз эфиринде белгилүү телеалпаруучу Нурзат Токтосунова билдирип, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

"Балким, той берген тараптын уулу жок болуп жалаң кыздары болсо, башкаларга кошкон кошумчаларын жыйнап алайын деппи, айтор, кыз узатуу тойлорун уюштуруп жүрүшөт. Кыскасы, бирин-бири көрүп, атаандашып той өткөргөндөр көбөйдү. “Эл эмне дейт?” деген түшүнүктөн арылып, “жок, ысырапкерчиликке жол бербейм” деген ар бир адамдын өзүнүн туруктуу эрки керек", - дейт Нурзат Токтосунова.

"Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо иш күндөрүнө туш келген тойлор саат 18:00дөн кийин гана өткөрүлсүн деген сыяктуу нормалар каралган. Демилгечилердин бири, депутат Аида Салянованын айтымында, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен, кызмат орунга дайындалуунун, мамлекеттик чин, наам, сыйлык, илимий даража алуунун урматына салтанат уюштурууга, корпоративдик майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынганы жатат.

“Ошондой эле той-салтанаттарга, куран окутууга келгенде кызматтык унаалар колдонулбасын деген талап да коюлууда. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын администрациялык имараттарында майрамдарды спирт ичимдиктерин ичүү менен белгилөөгө да жол берилбейт”, - дейт депутат.

Улуттук үйлөнүү каада-жөрөлгөлөрүн жүргүзүүдө, күйөөгө, колуктуга жана алардын ата-энелерине белек берүүнү кошпогондо, эки тараптын тең меймандарына жана күйөө менен колуктунун туугандарына кийит белектерин берүүгө тыюу салынмакчы. Никени жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында мамлекеттик каттоо аземи 5тен ашпаган жеңил автомашинаны пайдалануу менен жүргүзүлөт. Андан тышкары кыз узатуу каада-жөрөлгөсү 50дөн ашпаган адамды чакыруу менен өткөрүлөт. Мыйзам долбоорунда ушундай сунуштар да камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан