Бүгүн, 27-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 24 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Чогулушка Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Коргоо кеңешинин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, республиканын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк аскердик-дипломатиялык миссиянын жетекчилери катышты.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев салтанаттуу чогулушту ачып, залда отурган аскер кызматчыларын жана ардагерлерди Куралдуу күчтөрдүн 24 жылдыгы менен куттуктады.
Майрамдык иш-чарада Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаевдин майрамдык куттуктоосун окуп берди. Андан соң Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын ишинде өзгөчөлөнгөн 8 аскер кызматчысына мамлекет башчынын энчиленген сааттарын сыйлык катары тапшырды.
Салтанаттуу иш-чаранын чегинде «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы» темасында сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Ошондой эле Борбордук аскер үйүнүн чыгармачылык жамааты менен кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа көрсөтүлдү.