Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин отурумунда Бишкекте жана Ошто 2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен үй салынган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Бишкек шаарынын 47 жаңы конушунда документи жок курулган 6382 жеке үй аныкталып, анын 3589ун гана мыйзамдаштырууга мүмкүн экени белгиленди.
"Жер тилкесине тиешелүү укук берүүчү же укукту ырастоочу документтердин жоктугуна байланыштуу өз билемдик менен куруп алган үйлөрдө жашаган жарандар өз убагында жумушка орношуп, аскердик каттоого турушуп, шаардын маанилүү коомдук-саясий иш-чараларына жигердүү катыша алышпайт жана тиешелүү медициналык жардамды ала алышпайт. Ушундай эле кырдаал Ош шаарында түзүлгөн", - деди Текебаев.
Мындан тышкары ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, курулган жеке турак жай үйлөрү бар жер тилкелерин мыйзамдаштырууга мыйзам менен бекитилген ыйгарым укуктары жок экенин баса белгиледи.
"Жарандардын өз билемдик менен басып алган жер тилкелерине ээлик кылуу укугун алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу келип чыккан социалдык кыйынчылыктарды (анын кесепети бир канча митингдерге алып келди), ошондой эле мындай көп сандагы өз билемдик менен мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузуп жок кылуу мүмкүн эместигин эске алуу менен кароого “2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштайбыз", - деп кошумчалады депутат.
Аталган комитет бул мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.