Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча 1-окууда добуш берүү өтүп, депутаттардын көпчүлүгү "каршы" добуш беришти.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каадасын, көзү өткөндөрдү эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүүдөгү ашыкча ысырапкорчулукту жоюуга багытталган. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөргөн тойлорго келген адамдардын саны, тойго сойгон малдын саны чектелмекчи.
Эскерте кетсек, бул мыйзам долбоорун депутат Аида Салянова демилгелеген.