Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде кол койгон жарлыкка ылайык, Кашкар Жунушалиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалды.