Бүгүн, 6-июнда "Элдик кабар" рубрикасына баш калаадагы Достук кичи районунда өрт чыгып, КамАЗ унаалары өрттөнүп жатканы тууралуу кабар келген.
"Өрт өчүрүүгө 9 унаа тартылган. Куткаруу кызматы иштеп жатат. Учурда өрт өчүрүлдү, бирок кызматкерлер аймакты дагы да көзөмөлдөшүүдө. Өрт газды биринчи унаадан экинчи унаага жүктөөдө чыккан", - дейт Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиев.
Өрттү өчүрүү маалында автобазанын 2-кабатынан өрт өчүрүүчү кызматкер кулап, оор жаракат алып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Андан сырткары 11 адам ооруканага жеткирилди. Алардын арасында түтүнгө ууланган жаш бала да болгон.
Кырсык болгон аймакка министр Кубатбек Боронов келип, абал менен таанышты. Миңдеген спирт ичимдиктери, 6 жүк ташуучу унаа күйүп кеткени маалым болду.