Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууга байланыштуу билдирүүсүн сынга алды.
"Мен мусулманмын, ислам динин сыйлайм, бирок социалдык маселе жөнүндө демилге көтөрүлүп жатканда экономикалык жагдайды караш керек. Өлкөбүздө миллионго жакын жумуш орунун мусулмандар ээлешет. Ишканаларда ар бир саат - бул ар көлөмдөгү чыгаша. Эгер жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартсак, республикага канчалаган чыгаша болот. Бул демилгени ишке ашыруунун алдында тиешелүү шарттар болуш керек. Ошондуктан өлкөбүз үчүн аталган демилге али эрте.
Депутаттардын жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууга каршы чыгышканын урматтуу Чубак ажы Жалилов өтө катуу кабыл алганы мени таң калтырды. Биз светтик мамлекетпиз. Чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынат. Менин оюмча, айрым адамдар парламентти дин менен кагыштырууга кызыкдар. Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүнө баа бериши керек", - деген пикирин билдирди депутат.
Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган. Чубак ажы Жалилов долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын, шайлоолордо аларга добуш бербөөгө жарандарды чакырарын айткан.