Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырышты. Бул мыйзам долбооруна 69 депутат "макул", 30 депутат "каршы" деп добуш берди. Жалпысынан добуш берүүгө 99 депутат катышты.
Сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган. Жашы жетпегендер менен никеге турууга жол бербөө балага жубайлык зомбулуктун бардык мүмкүн болуучу түрлөрүнөн, анын ичинде кара күч, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан коргоого көмөктөшөт. Мыйзам долбоору ар кимдин жубайын эркин тандап алууга жана мажбурлаган никелерден коргоо укугун ишке ашырууга да багытталган.
Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, мыйзам долбоору жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.
Эскерте кетсек, буга чейин 26-майда Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун четке каккан.