Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 14-июнда ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу жана реконструкцияланышы боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында бир катар милдеттенмелерди алган. Анын бири өлкөдө эл аралык талаптарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу. Буга байланыштуу ЕАЭБ интеграциясынын алкагында тийиштүү инфраструктураны өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылууга тийиш.
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, эпизоотиялык абалдын, азык-түлүктүн, эл керектөөчү товарлардын, курчап турган чөйрөнүн, ошондой эле мал-жандыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн биринчи этапта төрт аймактык ветеринардык лабораторияларды куруу зарыл. Бул ишке 37,3 миллион сом керектелет.
Премьер-министр тийиштүү каражат бөлүнүп берилерин билдирип, каржы министри Адылбек Касымалиевге аталган маселени өкмөттүн буйругуна ылайык чечүүнү тапшырды. "Бардык тийиштүү министрлик жана ведомстволор ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ырааты менен куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди өз мөөнөтүндө аткарууга милдеттүү. Ар бир жетекчиге биринчи этап алкагында алардын алдына коюлган милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн жекече жоопкерчилик жүктөлөт", - деди Жээнбеков.