Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков үч экс-депутат кызматтык батирлерди бошотуп бербей жатканын билдирди. Бирок төрага алардын аты-жөнүн айткан жок. Анын билдиришинче, парламенттин Иш башкармалыгы батирлерди кайтарып алуу үчүн сотко кайрылууга мажбур.
Ак үйдөгү өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришкендей, кызматтык батирлерди бошотпой жаткан үч экс-депутат:
1. Абдулатип Режевалиев (Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты. Парламентке "Республика" фракциясынын курамында келген, бирок кийин аталган фракциядан чыгып, "Өнүгүү" депутаттык тобуна кирген);
2. Акылбек Султанов (Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын КСДП фракциясынан депутаты. 2015-жылы парламенттин 6-чакырылышына болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке өтүп, бирок декабрь айында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган. Учурда Улуттук статистика комитетинин төрагасы);
3. Эсенгул Исаков (Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ар-намыс" фракциясынан депутат болгон).