Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков депутат Максат Сабировго "сары айып кагазын" көрсөттү.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар үчүн артыкчылыктардан баш тартуу боюнча "Республика-Ата Журт" фракциясынын демилгеси каралып жаткан. Депутат Максат Сабиров процедуралык маселелерди айтуучу микрофон аркылуу мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирген. Буга депутат Исхак Масалиев нааразычылыгын билдирип, спикерге арызданган. Андан соң спикер Турсунбеков М.Сабировго тартипти бузганы үчүн "сары айып кагазын" көрсөттү.
Футболдогу эреже боюнча оюн талаасындагы оюнчу эреже бузса алгач эскертүү берилип, кийинкисинде ага сары айып кагазы көрсөтүлөт. Кайрадан эреже бузууга барса, оюндан четтетилет.