Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мечиттердин жанында кайыр сурап жүргөн балдар тууралуу маселени көтөрдү. Анын айтымында, мындай балдар келечекте иштебей, кылмышкер же кайырчы болуп калышы мүмкүн.
"Кимдир бирөө бул маселени көзөмөлдөйбү? Биз мусулман катары аларга акча берип кетебиз, бирок алар буга көнүп калышат", - деди Бекешев.
Мындан тышкары депутат көчөдө бир кызы менен калган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял ага кайрылганын билдирди. "Бул аялдын батири жок экен, тааныштарынын үйүндө жашап жүрөт. Эмне кыларын билбей жатат, бирок "аракеттенем, иштейм" дейт. Өкмөттөн мындай жарандарыбызга кандай жардам бар?" - деп кайрылды өкмөткө депутат.