Түркия министри: "Кара деңизди орус көлүнө айландырууга жол бербейбиз"

Түркиянын коргоо министри Фикри Ышык расмий Анкара Кара деңизди орус көлүнө айландырууга жол бербей турганын айтты. Мындай пикирин министр 15-июнда Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрликтеринин башчыларынын жолугушуусунун алкагында журналисттерге билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Биздин президент бул тууралуу буга чейин эле айткан: Кара деңизди орус көлүнө айландырууга жол бербейбиз. Түркиянын максаты - Кара деңиз тынчтыктын, туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн аймагы болуп калышы керек. Анкаранын бардык стратегиясы да дал ушул факторго негизделген", - дейт Түркиянын коргоо министри.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг уюмдун чыгышта жана Кара деңиз аймагында болуусун күчөтүү чечимин кабыл алганын билдиргени 14-июнда жарыяланган. "Бул конкреттүү сигналдан кабар берет. Эгерде биздин союздаштар чабуулга кабыла турган болсо, бүтүндөй альянс жооп узатат. НАТО конфронтация издебейт, Орусия менен конструктивдүү сүйлөшүү жүргүзүү жолдорун карайбыз. Бирок биздин союздаштарды бардык коркунучтардан коргоого даярбыз", - деген башкы катчы.

Орусияга болсо өз коопсуздугу үчүн Кара деңизде болуу аракеттерин күчөтө турганын маалымдаган. Мамлекеттик думанын Коргоо маселеси боюнча комитетинин төрагасы, Кара деңиз флотунун мурунку командири Владимир Комоедов НАТОнун Кара деңизде болуусунун күчөтүлүшүнө Орусия жооп кайтара турганын белгилеген. "Биздин жооп жөнөкөй: куралданууну жаңылоо боюнча планды аткарып жатабыз, мындан ары да аткарабыз. Кара деңиз флотуна суу алдында жүрүүчү жаңы кемелер келет, Орусия өз коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрөт", - деп билдирген Орусиянын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан