Бүгүн, 16-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоорун парламент депутаттары КСДПчылар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, “Республика-Ата Журттун” өкүлдөрү Таабалды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов демилгелеп, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттен 1-окуудан өттү. Документте чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, жарандыгы жок адамдардын массалык маалымат каражатынын үлүшүнүн 20 пайызынан ашыгына ээлик кылуусуна тыюу салуу каралууда. Депутаттар медиа мекемени каржылоодо купуя булактардан акча, мүлк алууга да тыюу салууну көздөп жатышат. Колдонуудагы мыйзамдын 5-беренесине “18 жашка толо электер, массалык маалымат каражатын өндүрүү жана чыгаруу менен байланышкан иш жүргүзүү укугунан сот тарабынан ажыратылган жарандар, сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган саясий партия, коомдук уюмдар массалык маалымат каражаттарын түзө албайт” деген да нормаларды киргизүү сунушталды.
“Учурда иштеп жаткан мыйзам 90-жылдары кабыл алынган, бирок цензурага каршы күрөшүү шылтоосунан улам мыйзамга өлкөнүн маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жөндөөчү абдан зарыл ченемдер киргизилген эмес”, - деген демилгечилер башка өлкөлөр мамлекеттин эгемендигин жана коопсуздугун коргоо зарылдыгынан улам жок дегенде минималдуу чектөөлөрдү киргизерин айтышты.
Сөз эркиндиги - учурдагы кыргыз өлкөсү жетишкен баалуулуктардын бири. Улам бир бийлик алмашкан сайын, маал-маалы менен аны чектөөгө аракеттер болуп келет. Адатта мындай маселелер парламент каникулга тараар алдында шашылыш каралып, тереңден түшүнүп, баалап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калат. Мындай технология 5-чакырылышта “Кумтөрдө” мөңгүнү талкалоого уруксат берүүчү Суу кодекси боюнча мыйзамды өткөрүү үчүн да колдонулган. Депутаттар каникулга тараар маалда, июндун соңку күндөрү каралган ал мыйзам долбоору 2 окуудан өткөн. Чыныбай Турсунбеков КСДП колдобойт деп билдирүү тараткан соң гана өкмөт ал мыйзам долбоорун чакыртып алган. ММКлар тууралуу мыйзам долбоору да комитетте 3 окуудан өтүп, жалпы жыйынга чыкканча июнь аяктайт. Шашылыш түрдө каралып, кабыл алынып кетүүсү толук мүмкүн. Азырынча демилгенин кыргыз коомчулугуна “кооптуу” жактары айтылбай, тескерисинче, өлкө коопсуздугун сактоо аракети катары көрсөтүлүүдө. Бирок акыры келип ал көз карандысыз эркин массалык маалымат каражаттарын чектөө менен жыйынтыкталышы мүмкүн. Кыргыз жеринде азыркы сөз эркиндиги кимдир бирөөлөргө ашыктык кылып жаткан өңдүү. Болбосо демократиялык деп мактанган өлкөбүздүн көзгө басар артыкчылыктарынын бири дал ушул эркин пикир билдирүү мүмкүнчүлүгү... Муну президент Алмазбек Атамбаев да дайыма баса белгилеп келет.
Орусия менен Түркиянын тирешинде экинчи раунд башталды. 2016-жылдын 14-июнунда Түркия мүчө болгон НАТО өзүнүн чыгышта жана Кара деңиз аймагында болуу аракетин күчөтөрүн, коркунуч жаралса Түркияны чабуулдан коргоого даярдыгын билдирген. Буга жооп кайтарган Орусия дагы өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо катары деңиз аймагындагы куралдануусун күчөтөрүн, Кара деңиз флотунда аскердик күчүн бекемдеп жаңы кемелер жеткирилерин жарыялаган эле. 15-июнда Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунун алкагында Түркиянын коргоо министри Фикри Ышык “Анкара Кара деңизди орустун көлүнө айландырууга жол бербейт” деген билдирүү жасады.
Кара деңиздин аймагында эки өлкөнүн тең аскердик күчтөрү бар. Севастополь менен Новороссийскте Орусиянын Кара деңиз флотунун негизги аскердик базалары жайгашса, Синоп менен Самсунда Түркиянын Аба-деңиздик флотунун негизги күчү турат. Дүйнөлүк ири державалардын тиреши алар менен алакасы бар өлкөлөргө таасирин тийгизбей койбойт. Орусиянын да, Түркиянын да Кыргыз Республикасына таасири күч. Абал чыңалып бара берсе, эки коркунучтун жеңилирээгин тандоого туура келеби?
Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев көчөдө тилемчилик кылган балдардын келечегине тынчсыздануусун билдирди. Депутат жарандар тилемчилик кылган балдарга акча берүү менен аларды оңой оокатка көндүрүп жатканын, келечекте алар кайырчы бойдон калып же кылмышкерге айланып кетиши мүмкүн экенин айтат. Эл өкүлү “Кимдир бирөө буларды көзөмөлдөйбү?” деген суроо койду.
Эки күн мурун ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекти кайырчылар менен сойкулардан тазалоо милициянын иши эмес экенин айткан. “Булардын ишине тыюу салган мыйзамдар барбы? Аларга чара көрүүнү баары бизден талап кылышат, биз кандай чара көрөбүз? Бул милициянын ишиби? Алар менен иш жүргүзүүчү социалдык кызматтар кайда? Социалдык көйгөйлөрдү чечүү милициянын иши эмес”, - дейт министр.
Социалдык кызматкер сойкулар менен иш алып барышты дегенди Кыргыз Республикасынан угуп-көргөндөр жокко эсе. Милиция кызматы пиар үчүн же кайсы бир чиновниктин көмүскөдөгү бизнесин ашкере кылуу керек болгондо анда-санда рейд жүргүзүп, андай жерде иштеп жүргөн келиндерди кармап, сойкукана уюштургандарды жоопко тартууга аракет кылган болот. Ал аракеттерден көчөлөрдөгү, сауналардагы “түнкү базар” өзгөрүп кете элек. Кайырчылык кылган балдар боюнча да ушундай эле көрүнүш...